• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда 9-майга карата бир жолку төлөмдөр бериле баштады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 9-майга карата бир жолку төлөмдөр бериле баштады. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 234 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт, алардын ичинен 59 майып, 143 катышуучу, 15 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 17 Ленинграддын блокадачылары. Ошондой эле 1711 ооруктагы эмгекчилер, 3 эмгек армиячылары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 3 үй-бүлөсү, 2169 Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жесири (согуш бүткөндөн кийин каза болгондордун жесирлери).

Тилекке каршы, жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азаюуда. 2019-жылдын 1-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерининсаны 356 адам болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 234, 122 адамга же 34%га кыскарган.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, ооруктагы эмгекчилер, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ай сайынкы жана ар жылдык бир жолку төлөмдөр түрүндө жүзөгө ашырылат.

Ай сайынкы төлөмдөр

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

– 7000 сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

– 2000 сомдон майыптыгы бар оруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына;

– 1000 сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн сыйлыгы бар ооруктун эмгекчилерине.

10 000 сом өлчөмүндө өмүр бою стипендияны Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана Ленинград блокадачылары алышат.

9-майга карата бир жолку төлөм

Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 75-жылдыгынын урматына бир жолку акчалай жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө берилет:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, ошондой эле Лениград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына 75 000 сом;

- Оруктун эмгекчилерине, эмгек армиячыларына, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 15 000 cом.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бир жолку жөлөкпулду төлөөгө каржылоо иши райондук/шаардык/райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында башталып, анын жалпы суммасы 44 млн 128 миң сомду түзөт. Бир жолку төлөмдөрдү төлөө башталды.

Акчалай компенсацияларды жана өмүр бою берилүүчү стипендияларды ай сайын төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий