• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды – Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Тилекке каршы Кыргызстанда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө оорунун очогунда иштеп жаткан 9 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен 7 - Жалал-Абад облусунда, 1 - Бишкекте болсо, дагы 1 - Ошто.

“Эки күндөгү жаңы катталган учурлардын 9у медкызматкерлер. 8инин жуктуруп алганы кечээ белгилүү болсо, бирөө бүгүн белгилүү болду. Алардын бардыгы коронавирус алып жүрүүчүлөр”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий