• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 90 миңден ашык жумушсуз адам катталган – Улуттук статком

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда 2017-жылдын 1-июнуна карата жумушсуздук деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га өскөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук статистика комитетинин Эмгек жана жумуштуулук бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлобаева билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча жумушу жок адамдар 90 миңден ашат.

“Жумушсуздардын көп бөлүгү Жалал-Абадга туура келип – 18 миң 440 адам жана Ош облусунда - 11,8 миң адам. Ал эми жумушсуз аялдар 51,6%”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий