• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 900 миңден ашык адам сасык тумоого каршы эмделет

Ден соолук 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 900 миңден ашык адам сасык тумоого каршы эмделет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

"Күз мезгили келип, жыл сайын калк арасында катталуучу курч мүнөздө өтүүчү респиратордук вирустук жана сасык тумоо ооруларынан эпидемиологиялык мезгили жакындап келе жатат. Бул мезгилде сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук оорулар менен ооруган адамдардын, анын ичинде 14 жашка чейинки ооруган балдардын санынын көбөйүшү байкалат. Бул мезгилде жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары менен жабыркагандар, тез-тез ооруган балдар, 65 жаштан ашкан адамдар ооруп калышып, өз убагында дарыгерге кайрылбаса оору өтүшүп кетүүсү мүмкүн", - деди ал.

Анын айтымында, сасык тумоону алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү керек.

"Учурда өлкөдө 900 миңден ашык адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Биринчи этапта сентябрь айынын ортосунда сасык тумоого каршы 119 миң вакцина келет. Экинчи этапта 700 миңден ашык вакцинаны сатып алуу максатында тендер жарыяланып, сынактык арыздар 21-сентярбрь күнү ачылат. Үчүнчү этапта америкалык сасык тумоого каршы вакцинаны киргизүү боюнча өнөктөштүк долбоордун алкагында 70 миң вакцина - анын 60 миңи 27-октябрга чейин, ал эми 10 миңи 1-ноябрга чейин келери күтүлүүдө. Андан тышкары тобокел топтогу адамдарды кошумча эмдөө үчүн 20 миң пневмококк вакцинасы сатып алынат. Жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары менен жабыркагандар, тез-тез ооруган балдар, 65 жаштан ашкан адамдар, кош бойлуу аялдар акысыз эмделет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий