• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда "Ааламдык ак бата" руханий форуму өтөт

Коом 0


Бишкек, 27.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда "Ааламдык ак бата" бүткүл дүйнөлүк руханий форуму өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы кабыл алынган Конституциянын башында өлкөнүн руханий-маданий багыттары боюнча сөздөр жазылган.

“Садыр Жапаров президент болуп келгенде эле "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Жарлыктын талаптарына ылайык, атайын концепция иштелип чыгып, коомдук талкууда турат. Кыргыздын руханий жөрөлгөсү батаны баарыбыз жакшы билебиз. Эл аралык деңгээлде бата күнүн өткөрүү сунуштар түшкөн. "Ааламдык ак бата" руханий форуму мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылып, биргеликте өткөрүү сүйлөшүлгөн. Форум 21-23-июнда Суусамыр жайлоосунда башталып, Ысык-Көлдө жыйынтыкталат. Форумдун алкагында "Руханият - баарын бириктирет" аталышындагы конференция уюштурулат. Жыйынтыгында "Тынчтык жана биримдик" манифести жана “Бүткүл дүйнө элине кайрылуу” документи кабыл алынат", - дейт ал.

Нет описания.

Кошалиев форум алгач Суусамыр жайлоосунда башталып, 21-июнда 13:00дө ак бата жөрөлгөсү болорун маалымдады. Ошондой эле улуттук оюндар, төкмө акын, манасчылардын катышуусунда руханий иш-чаралар өткөрүлөт.

“Руханий жагы Суусамырда башталып, илимий нугу Ысык-Көлдө уланат. Көлдөгү форумга президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүп жатат”, - деди ал.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбековдун айтуусунда, 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгында Чыңгыз Айтматов “Манас” декларациясын жазган.

Нет описания.

“Андан кийин Чыңгыз Айтматов “Ысык-Көл” форумуна катышты. Булардын баары кыргыз элинин элгертен бери салтты сыйлаганын айгинелейт. Кыргыз эли дайыма бата берип келген. Президенттин дагы ушул иш-чарага маани бергени өтө жакшы”, - деген пикирин Шадыбеков билдирди.

Ал эми КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Менди Мамазаирова коронавирус жайылып, адам баласын жок кылуунун маалында элди сактоо үчүн ааламдык батанын ишке ашып жатышына токтолду.

“Адамзатты, цивилизацияны, маданиятты сактап калуу үчүн бата берилгени турат. “Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” деген терең философия ишке ашканы жатат. Биз буга чоң маани беришибиз керек”, - дейт Мамазаирова.

Пикир

Оставить комментарий