• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт, - деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору.

Билдирүүгө ылайык, 14-15-август күндөрү жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий