• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда абактагылардын санынын жылдык өсүшү 3%ды түзөт - өкмөт

Коом 0

Бишкек, 29.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда абактагы калктын санынын жылдык өсүшү 3% түзөт. Бул тууралуу “КРда жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында кылмыш-аткаруу системасын модернизациялоо” темасындагы Кыргызстандын II пенитенциардык форумунда өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев билдирди.

Ал соттолгондордун коомго кайрадан ыңгайлашуусу кылмыш-аткаруу системасынын башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи.

“Бул багытта Кыргызстанда кылмыш мыйзамдарын гумандаштыруу, эркинен ажыратылгандардын абактагы шарттарын жакшыртуу жана аларды эл аралык стандарттарга келтирүү боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда”, - деди ал.

Араев 2007-жылы өткөрүлгөн кылмыш саясатын гумандаштыруу абактагылардын санын азайтууну шарттаган.

Пикир

Оставить комментарий