• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда абанын булганышы өлүмгө себеп жагдайлар боюнча экинчи орунда турат - БУУ

Коом 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда жылына 25 миң киши көз жумуп, анын 14%ы начар экологиянын айынан болот. Бул тууралуу Кыргызстан үчүн "Ден-соолук жана айлана чөйрөнүн булганышы маселеси боюнча иш-аракеттер планын" бекитүү семинарында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиелло билдирди.

Ал белгилегендей, экологиялык маселелер Кыргызстанда адам өлүмүнө алып келген жагдайлар боюнча экинчи орунда турат. Ал баңгичилик, аракечтикке, чылым чегүүдөн да көптүк кылат.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы абанын булганышы 3,6 млрд. сом зыян алып келип, ал 2010-жылдагы ички дүң продукциясынын 24%ын түзөт. Ошондуктан абанын булгануу маселесине көңүл буруу зарыл. Мунун экономикалык да натыйжалары бар", -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий