• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда абанын табы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. 11-12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, абанын температурасы кескин төмөндөйт.

12-13-сентябрь күнү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…+12°, күндүз 20…+25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…+7°, күндүз 17…+22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…+17°, күндүз 23…+28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…+6°, күндүз 11…+16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…+9°га чейин төмөндөйт.

Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…+9°, күндүзү 18…+23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…+7°, күндүз 17…+22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий