• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда "Абитуриент Online" маалыматтык системасы иштелип чыкты

Билим 0


Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Ага байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу "Абитуриент Online" автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул система абитуриенттерди онлайн кабыл алууда биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт.

Система абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат, кабыл алуунун сапаты жана ачык-айкындуулугу, тазалыгы жогорулайт. Ошондой эле ЖОЖдордун кабыл алуу комиссиясынын иши оптимизацияланат.

Пикир

Оставить комментарий