• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда абитуриенттер арасында суроо-талапка ээ болгон кесиптердин тизмеси

Билим 0

Бишкек, 13.09.22./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына карата ЖОЖдорго кабыл алууда талап жогору болгон кесиптер боюнча статистикалык маалыматтарды сунуштайт.

ЖОЖдордун гранттык орундарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутуму (https://2020.edu.gov.kg) аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлдү. Салттуу форматтагы кирүү сынактары маданият жана искусство ЖОЖдоруна, ошондой эле дене тарбия жана спорт адистигине кирүү үчүн гана өткөрүлдү.

Жалпысынан 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң 183 абитуриент катышкан. 2022-жылы тестирлөөнүн катышуучуларынын упайларынын орточо көрсөткүчү 119,8 баллды түздү. Босого 110 же андан жогорку баллга тестирлөөнүн 29 075 катышуучусу ээ болду, бул катышуучулардын жалпы санынын 57%ын түзөт. Предметтик тестирлөөнүн босого баллы – 60 болду. Педагогикалык багыттагы гранттардын негизинде негизги тесттин босого баллы 115 деп белгиленди.

Кадрларды даярдоонун педагогикалык багыттарына 1 918 бюджеттик орун бөлүнгөн. Педагогикалык багыттар боюнча 17 мамлекеттик жана 12 жеке менчик жогорку кесиптик билим берүү уюмдары билим берет. 2022-2023-окуу жылында педагогикалык багытка 5 138 студент кабыл алынган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 22%га көп (2021-жылы – 3 984 студент). Ошол эле учурда педагогикалык адистиктерди тандагандардын жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тестинин эң жогорку упайы 219 баллдын деңгээлинде, орточо 180 баллга жакын болгонун белгилей кетүү керек.

Ыкчам маалыматтарга ылайык (09.09.2022) төмөндөгү кесиптер жогорку суроо-талапка ээ болду:

  • IT адистиги боюнча - 3201 студент кабыл алынган;
  • Гуманитардык багыттарга (философия, саясат таануу, психология, журналистика, филология, лингвистика ж.б.) 3116 студент кабыл алынды;
  • Экономикалык багыттары боюнча 2200 студент кабыл алынды;
  • Медициналык адистикти 1996 абитуриент тандаган;
  • Юридикалык багыттары боюнча 1442 студент кабыл алынган;
  • Курулуш жана архитектурага даярдоо багыттары боюнча 604 студент;
  • 3000ден ашык студент айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен, энергетика тармагында билим алууну чечкен.

2022-2023-окуу жылына 6000 мамлекеттик билим берүү бюджеттик орун бөлүнгөн, алардын ичинен 80 грант эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн, 50 грант ЖРТ боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан тышкары киргизүү үчүн, 75 грант чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга, 30 грант 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдагы апрель, май, июнь окуяларында каза болгон жарандардын балдарына жана "кайрылман" статусу бар адамдардын балдарына, биринчи жана экинчи топтогу майыптардын, жөлөкпул боюнча теңдештирилген согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын балдарына, бала кезинен майыптарга, жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга 288 орун бөлүндү.

6000 мамлекеттик билим берүү грантынын (гранттык орундардын) ичинен 4663 гранттык орун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу ЖОЖдорго бөлүнгөн, калгандары башка мамлекеттик органдар тарабынан каржыланат. Мисалы: Ички иштер министрлигине - 130, Саламаттык сактоо министрлигине - 358, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине - 206, Коргоо министрлигине - 100, Тышкы иштер министрлигине – 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий