• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда аборттун айынан жыл сайын 2-3 аял көз жумат – ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын бойдон алдыруунун кесепетинен энелердин өлүмүнүн 2-3 учуру катталат. Алардын жарымы криминалдык мүнөздө. Бул тууралуу жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Маалыматка караганда 2008-жылы аборттон каза болгондордун саны – 1 (1,3%), 2009-жылы – 5 (4,9%), 2010-жылы – 5 (6,8%), 2011-жылы – 7 (9,9%), 2012-жылы – 4 (5,1%), 2013-жылы – 3 (4,9%), 2014-жылы – 2 (2,4%), 2015-жылы – 3 (4,8%).

“Биз социалдык себептер боюнча аборттордун категориясын алып салып, медициналык себептер боюнча гана абортторду калтырып коюуну пландап жатабыз. Аялдардын аборттун кесепетинен каза болгон учурларынын себептеринин бири медициналык адистердин дипломдук даярдыгынын төмөнкү сапаты менен байланыштуу”, - деди Асылбашева.

Пикир

Оставить комментарий