• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда "АЧК-11" долбоору боюнча 2,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0


Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-майына карата Кыргызстанда "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоорунун негизинде 2 млрд 540 млн 795 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, насыялар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү финансалык колдоо максатында "Айыл Банк" жана "РСК-Банк" ААКтары аркылуу берилүүдө. Анын ичинен:

- "дыйканчылык" категориясы боюнча 1461 айыл чарба субъектилерине жеңилдетилген шартта 602 млн 229 миң сом;

- "мал чарбачылык" категориясы боюнча 4176 чарба субъектилерине 1 млрд 938 млн 566 миң сом берилди.

Пикир

Оставить комментарий