• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда адам өлтүрүүгө шектелип 13 жылдан бери издөөдө жүргөн адам Москвада кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда адам өлтүрүүгө шектелип 13 жылдан бери издөөдө жүргөн адам Москвада кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2007-жылдын 9-октябрында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар С.А. аттуу жергиликтүү тургунду сабап, денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Аталган факт боюнча 2007-жылдын октябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары эсептелген 32 жаштагы С.Т. аттуу жаранга карата 2008-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 17-ноябрында болжол менен саат 21:00дө Москва шаарында изделип жаткан С.Т. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жаран он үч жыл жакын туугандарынын жанында жашап жүргөндүгү белгилүү болду. С.Т. аттуу жаран Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Компетенттүү органдар тарабынан 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык, экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий