• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Россиянын борборунда милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстанда адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 19 жаштагы кыргызстандык жаран Москвадан кармалды.

Маалыматка ылайык, КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук-коргоо органдары тарабынан кармалган жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2017-жылдын август айында 19 жаштагы М.А., аттуу жаран достору менен чогуу өздөрү менен тең жаранды сабап кетишкен. Андан кийин ал 2 жылдай Москва шаарындан жашырынып жүргөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

“Жоопко тартуу үчүн аны мекенине жиберүү боюнча маселе аягына чейин иштелип чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий