• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда адам сатууга каршы багытталган иш-чаралар өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жана Бишкектеги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) программалык офиси Адам сатууга каршы биринчи улуттук симуляциялык көнүгүүнү ишке киргизишти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ысык-Көл облусунда 4 күн бою өтөт.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Кыргыз Республикасындагы ЕККУ Программалык кеңсесин башчысы – элчи Алексей Рогов атайын окууларга старт беришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жаңы секторлор аралык мамиле аркылуу адам сатуунун курмандыктарынын мыкты ачыкталышы жана аларга жардам көрсөтүү жаатында аталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз кылмыштын аталган түрүнө каршы күрөшүү жаңы тенденцияларды, эксплуатациянын жаңы түрлөрүн жана технологияларын пайлдаланылышын, ошондой эле кылмышкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу системасын өркүндөтүүнү эске алуу менен улантылышы керектигин түшүнөбүз.

ЕККУ тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын адистерин жана эксперттерин даярдоонун жаңы форматына көңүлүңүздөрдү бургум келет, ал багыттоонун улуттук механизмдерин, адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү жана коргоого алуу тутумун иш жүзүндө иштеп чыгууга жана көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде сунуштамаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», – деди ал.

Белгилей кетсек, симуляциялык машыгуу укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, эмгек инспекцияларынын, социалдык кызматтардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын 60тан ашуун кызматкерлерине кесиптик көндүмдөрдү колдонуп, реалдуу убакыт режиминде чындыкка жакын чөйрөдө адам сатууга каршы чараларды моделдештирүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары, КР министрлер кабинетинин практикалык ишинин негизги багыттары катары адам сатуунун алдын алуу, курмандыктарга көмөк көрсөтүү, кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана өлкөнүн ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүнү улантуу болуп саналгандыгын Жылдыз Бакашова ишендирип кетти.

«Кыргыз Республикасы ар дайым адам укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун фундаменталдык принциптерин жактоого умтулат. Эл аралык коомчулук менен биргеликте жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоого аракет кылабыз», – деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жылдыз Бакашова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине, Винрок Интернешнл уюмдар өкүлчүлүгүнө жана Шериктештик борборуна Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоо тутумун жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий