• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» кампаниясы онлайн режиминде старт алды

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 29-июлда «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» маалыматтык онлайн-кампаниясы старт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Жаштар колдойт» урааны алдында өтүүдө.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн режиминде өтө турган бул кампания учурунда COVID-19 пандемиясынын адамдарды сатууга байланышкан жагдайга тийгизген таасирин чагылдырмакчы. Глобалдык пандемия ар бир адамдын жашоосуна өз таасирин тийгизип, өзгөчө аярлуу катмардагы адамдар эмгектенген тармактарда жумушсуздуктун өсүшүнө жана кирешелердин кыскарышына алып келди», - деп айтылат маалыматта.

«Адамдарды сатууга каршы 100 күн» маалыматтык кампаниясынын алкагында онлайн форматта ачык коомдук дискуссиялар, жарыштар, кызыктуу оюндар өткөрүлөт. Ошол себептүү Мамлекеттик миграция кызматы калктын калын катмарын, өзгөчө жаштарды иш-чарага активдүү катышууга чакырат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча облустук координациялык кеңештер, Мамлекеттик миграция кызматы, КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана 30дан ашуун жаштар уюмдары, анын ичинде, жарандык коом, БУУ БКБ жетектеген БУУ агенттиктери жана INL, USAID донорлору, ошондой эле Winrock International, Solidarity Center Bishkek, ЕККУ эл аралык уюмдары болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий