• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда АИ-92нин баасы жыл башынан бери 3,2 сомго кымбаттады

Экономика 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Күйүүчү-майлоочу майдын жүйнөлүк баасы 2020-жылдын декабрынан бери кымбаттап келе жатат. Кыргыз рыногу импортко көз каранды. Бул тууралуу “Биринчи райдионун” эфиринде Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эршатов билдирди.

“Кыргызстанда 1-январдан тартып дизелдин чекене баасы 22,5%га өстү. Бул нефтетрейдерлердин аракети, алар социалдык багыттагы товар болуп саналат. Күйүүчү майга болгон баа социалдык товар болуп эсептелерин бары түшүнөт. Анын 1 сомго кымбатташы башка товарлардын баасынын 5 сомго көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн, ал эми сатып алуу баасы 65%га кымбаттады. Жыл башынан бери АИ-92 баасы 3 сом 20 тыйынга же 5,5%га кымбаттады”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий