• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда аял депутаттардын саны азаюуда

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда аял депутаттардын саны азайды. Бул тууралуу Борбордук Азиядагы кооперативдерди өнүктүрүү боюнча форумда Кыргызстандагы Аялдардын өкмөттүк эмес уюмдарынын форумунун президенти Бермет Стакеева билдирди.

“Жогорку Кеңеште аялдар үчүн 30 пайыз квота бар. Жергиликтүү деңгээлде мындай квоталар жок жана буга байланыштуу мажоритардык система гендердик ажырымга жол ачат. Эми аял депутаттардын саны 10 пайызга кыскарды. Бул ар бир айылдык кеңеште 1 гана аял бар дегенди билдирет. 11 эркектин арасында бир аял кандай маселени чече алат? Ал күн тартибине социалдык маселени алып чыга алса да, анын үнү эч нерсени чече албайт”, - деди Стакеева.

Ошондой эле ал мындай көйгөй Жогорку Кеңеште бар экендигин белгиледи.

“Аял киши парламенттен кеткенде анын ордун эркек кишиге беришет. Башкача айтканда, гендердик тең укуктуулук принциптери сакталбайт. Ушундан улам Жогорку Кеңеште аялдардын саны азаюуда”, - деди Стакеева.

Пикир

Оставить комментарий