• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда аялдар арасындагы алыш күрөшү боюнча I Эл аралык “Гран-при” турнири өтөт

Спорт 0


Бишкек, 23-июнь /Айжамал Дүйшоева –Кабар/. Кыргызстанда Курманжан Датканын урматына арналган аялдар арасындагы алыш күрөшү боюнча I Эл аралык “Гран-при” турнири өтөт. Бул тууралуу улуттук спорт түрлөрү Дирекциясы билдирди.

Турнир 27-29-июнда Ош шаарынын “Алыш” ден соолукту чыӊдоо борборунда өтөт. Турнирге Дирекция тарабынан 1 млн 21 миӊ сом бөлүнгөн.

"Мелдештин негизги максаты - алыш күрөшүн өнүктүрүү жана чет жакка жайылтуу, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышууга шарт түзүп берүү”,-деп билдиришти Дирекциядан.

Мелдеш 55 кг дан 60 кг,65 кг,70 кг,75 кг дан жогоруга чейинки алты салмак категориясында өтөт. Турнирге чет элдик спортчулар да чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий