• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда аялдар үчүн “таза түрмө” курулат

Коом 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Абакта баңги заттан өз ыктыяры менен баш тарткан аялдар үчүн алгачкы жолу “таза түрмө” курулат. Борбор Азияда баңги заттын таркашын алдын алуу программасынын өкүлдөрү Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров менен биргеликте долбоорду ишке ашырууну талкуулашты.

“Таза түрмө” Бишкектеги №2 аялдардын түзөтүү мекемесинин аймагында салынат. Ал 30 адамга ылайыкташып, камалгандар менен атайын, соцкызматкерлер, психологдор иш алып барат.

Мекемеде капиталдык оңдоп түзөө иштери жана көзөмөл пунктун ошондой эле, күнөскана куруу пландалган. Бул өз кезегинде абактагыларды иш менен гана эмес, мекемени таза жер жемиш менен дагы камсыз кылат.

Эл аралык уюмдун (КАДАП) жетекчиси Эрнест Робелло билдиргендей, учурда долбоорду ишке ашырууга тендер жарыяланды. “Бардык чыгымды аталган программа өзүнө алат. Ал эми ага болжолу менен 100 миң евро коротот. Обьектини 2018-жылдын жаз мезгилинде өткөрүп берүү пландалган”, - деди.

Пикир

Оставить комментарий