• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын кабыл алуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономикалык рецессиянын алкагында 2021-2026-жылдарга карата аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынат. Бул тууралуу “Кыргызстан – Татарстан” ишкердик форумунда КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

“Программаны КР министрлер кабинети тарабынан республикадагы ишкердикти колдоо үчүн каатчылыкка каршы иш-чаралардын алкагында кабыл алуу пландалган”, - деди ал.

Ошондой эле анын маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында 5 программа иштелип чыккан:

- президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктары чыгарылды;

- Бизнес-омбудсмен интитуту түзүлдү;

- Укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди;

- Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат;

- Электрондук фискалдаштыруу киргизилди (электрондук эсеп-фактура, товарларга маркировкалоо, онлайн көзөмөлдөө-кассалык машина, электрондук патент, электрондук кол коюу менен электрондук отчеттуулук, май куючу жайды автоматташтыруу);

- лицензиялык жана уруксат берүүчү документтердин маалымат порталы ишке киргизилди (http://www.elicense.gov.kg/);

- жашыл экономика принциптери жайылтылууда.

Пикир

Оставить комментарий