• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда аялдардын билим деңгээли эркектердикинен жогору — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын билим деңгээли эркектердикинен жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, аялдар менен эркектердин ишмердиктин түрлөрү жана кесиптик топтору боюнча бөлүнүшү иштеген аялдардын билим деңгээли кыйла жогору экендигин аныктаган. 2020-жылы иштегендердин жалпы санындагы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 28% ашуун, эркектер – 19%, кесиптик орто билими барларына жараша 17% жана 8% түздү.

Иштеген эркектердин орто же толук эмес орто билими жетиштүү болгон кесиптик жана ишмердиктин түрлөрүндө басымдуулук кылат, бирок кесиптик даярдоо зарыл. Иштеген эркектердин ичинен башталгыч кесиптик билим алган эркектердин үлүшү 10% жакын, аялдар арасында – 5% ашыкты түздү

2020/2021- окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында аялдар 52%, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында 56% түздү. Ошол эле учурда, билим берүү, кеңири керектелчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерден билим алууда кыздардын салттуу басымдуулугу белгиленет.

Ал эми эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Адистиктин топтору жана жынысы боюнча орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттери

Нет описания.

Салттуу түрдө, кыздырдын үлүшү жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү (студенттердин жалпы санынан 86% жакыны), гуманитардык илимдер (73% ашык), тейлөө чөйрөсү (63% ашык), табигый илимдер (60% жакын) багыттары боюнча жогору. Ошол эле учурда, эркектер негизинен архитектура жана курулуш (82% жакын), айыл чарба илимдери (75% жакын), техникалык (69% ашык) жана юриспруденция (66% жакын) менен байланышкан адистиктерди тандашат.

Аспиранттардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 16% көбөйгөн жана 2020-жылы 2,5 миң адамды түзгөн, ал эми докторанттардын саны 145 адамды түзгөн, бул 2016-жылдын деңгээлинен 3% жогору. Аспирантурада окуган аялдардын үлүшү - 60%, докторантурада - 69% түздү.

Пикир

Оставить комментарий