• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда аялдардын орточо жаш курагы 75,8 жаш, ал эми эркектердики 67,6 жашты түзөт

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын орточо жаш курагы 75,8 жаш, ал эми эркектердики 67,6 жашты түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт. Себеби алар эркектерге караганда узун өмүр сүрөт. 2019-жылы эркектердин божомолдонгон өмүрүнүн узактыгы 67,6 жаш болгон болсо, аялдардыкы 75,8 жашты түзгөн. Өмүрдүн узактыгы боюнча айырма эркек менен аялдардын өлүм көрсөткүчтөрү менен байланыштуу: эркектердин өлүм учурлары аялдарга караганда дээрлик 1,5 эсеге көп.

"Аялдардын пенсия курагына чейин жашоо ыктымалдыгы 90%ды түзсө, эркектердики 70%ды гана түзөт. Бул жерде аялдардын пенсияга чыга турган курагы беш жылга эрте келерин эске алуу керек (эркектердики – 63 жаш, аялдардыкы – 58 жаш)", - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий