• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында баяндама даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Акыйкатчы аппараты Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында альтернативдүү баяндама даярдап жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгы кабарлайт.

Баяндама Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен менен даярдалууда.

Атыр Абрахматова ушул багытта иштеп жаткан Кризистик борборлор ассоциациясы, "Шанс", "Сезим" кризистик борборлору, Балдардын укугун коргоочулар лигасы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, баяндама боюнча маселелерди талкуулады.

Баяндама укук коргоо тутумунда реформа жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөп бараткан көйгөйүн коомчулукка жеткирүүгө багытталган.

Жолугушууда аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелери талкууланып, бул жааттагы бир катар көйгөйлөр айтылды.

Мындан тышкары, КР Акыйкатчысы менен зомбулуктан жапа чеккендерге психологиялык, юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлордун ортосунда өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдар даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий