• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Айтматов атындагы орденди белгилөө жөнүндөгү демилге колдоого ээ болду

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө жөнүндөгү демилгенин концепциясын колдоду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечилердин бири депутат Аида Касымалиеванын айтымында, Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө демилгесинин негизги максаты залкар жазуучунун көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу болуп саналат. «Бул орден менен маданият тармагынан өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргыз жарандары жана чет өлкөлүк адамдар сыйланат. Менимче, ал аз санда болуп, татыктуу гана адамдар сыйланууга тийиш», - дейт эл өкүлү.

Ал эми Өкмөттүн өкүлү демилге колдоого ээ болгонун, ал мамлекеттик бюджеттен каржылана турганын, анын каржы булагы алдынала аныкталганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий