• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

Маданият 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде “Шамбала” тасмасын тартуу иштери башталды. Картинанын режиссеру Артыкбай Сүйүндүков.

Тасманын сценарийи бир нече жыл даярдалган, повесттин автору өз кезегинде жеке макулдугун берип жана тартуу үчүн сунуштарды айткан, - деп билдирет centralasian.org.

“Шамбала” тасмасын тартуу Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунда болот. Тасманын бет ачары 2019-жылда болот деп күтүлүүдө.

“Шамбала” “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган экинчи тасма болуп калат. Алгачкы тасма 1976-жылы режиссер Болот Шамшиев тарабынан тартылган.

Пикир

Оставить комментарий