• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу демилгечи депутат Экмат Байбакбаев "Парламент" радиосунун эфиринде билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сунушталып жаткан документте Ак калпакты мазактоого жол бергендерге мыйзам чегинде чара колдонуу негиздери айтылат. Ошондой эле, мыйзам долбоору Ак калпактын кадыр-баркын жакшыртууга, коргоого, колдонууга жана өнүктүрүүгө багытталган.

Ушул мыйзам долбоорунда камтылган механизимдер Бузуулар жөнүндөгү кодекси аркылуу дагы бекемделет. Ошондуктан, улуттук баш кийим болгон Ак калпакты, же анын сүрөтүн мазактоого тете коомдук адеп-ахлакка доо келтирүү боюнча жасалган аракеттер 1-категориядагы айып пул салууга алып келет, - дейт депутат.

Анда жеке адамдар үчүн - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүч сунушталууда. Ал эми бузууларды кароо боюнча ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылары демилгечи депутаттын маалыматтарынан улам белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий