• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда АКШ доллары арзандады

Экономика 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда АКШ доллары арзандады. Америка доллары коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 74-75 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын номиналдык курсу 21-майга карата бир доллар үчүн 75,6 сомду түзөт. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата доллар 1-2 сомго арзандаган.

Белгилей кетсек, АКШ доллары март айында кескин кымбаттап, 69,9 сомдон 83 сомго чейин жеткен. Доллардын кымбатташы мунайга болгон баанын арзандашы жана пандемияга байланыштуу болгон. Акырындык менен сомдун курсу көтөрүлүп, бүгүнкү күнгө карата 1 доллар 74 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий