• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы 28-жылдын ичинде 2,5 миңден ашык мечит курулган

Коом 0

Бишкек, 26.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 28-жылдын ичинде 2 миң 500 мечит курулган. Бул тууралуу “Кыргызстанда экстремизмге каршы күрөшүү жана ЖМКдын ролу” аттуу тегерек столдо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов кабарлаган.

Анын айтуусунда, СССР кулаган жылдары 1990-жылдардан тарта өлкөдө 39 мечит иштеген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 миң 233 мечит расмий түрдө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында катталган.

Алардын ичинен 2 миң 822си ислам мечити, 397си христиандык, бирөө буддисттик, бирөө еврейдик жана 12си бахаи (монотеистикалык дин).

Пикир

Оставить комментарий