• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы аптада COVID-19дун жаңы эки учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда 9-январдан 15-январга чейинки аралыкта COVID-19дун эки жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, эки бейтап тең амбулатордук шартта дарыланууда. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, акыркы бир жуманын ичинде бардык аймактар жашыл зонада болду.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жыл жана 2023-жылдын 15 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 840 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 829 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий