• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы бир күндө 11 миң 575 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир күндө вакцинанын биринчи дозасын 11 миң 575 адам алса, экинчисин 1 миң 673ү сайдырды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми өлкө боюнча жалпы 140 миң 922 жаран (экинчи доза – 87 миң 147) эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

• Бишкекте – 46 миң 824;
• Ош шаарында – 11 миң 98;
• Чүй облусунда – 23 миң 157;
• Ош облусунда – 16 миң 695;
• Ысык-Көл облусунда – 12 миң 559;
• Талас облусунда – 4 миң 852;
• Нарын облусунда – 4 миң 877;
• Жалал-Абад облусунда – 15 миң 742;
• Баткен облусунда – 5 миң 118 адам эмделди.

Пикир

Оставить комментарий