• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы бир күндө 23 миң 528 адам вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 23 миң 528 адам коронавируска каршы вакцина алса, анын ичинен 2 миң 402 адамга экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан боюнча жалпы 178 миң 689 адам эмдөөдөн өттү. Ал эми 91 миң 326сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

Бишкекте – 50 миң 727;

Ош шаарында – 15 миң 130;

Чүй облусунда – 25 миң 151;

Ош облусунда – 30 миң 753;

Ысык-Көл облусунда – 15 миң 575;

Талас облусунда – 6 миң 376;

Нарын облусунда – 6 миң 250;

Баткен облусунда – 6 миң 636;

Жалал-Абад облусунда – 22 миң 92 адам эмделди.

Пикир

Оставить комментарий