• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы бир күндө 32 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 34 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Эне-Сай конушунун Алма-Ата көчөсүндөгү №539 дарегиндеги жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 250 чарчы метр үйдүн жана мончонун чатыры күйгөн.

Сокулук районунун Алыкулов жана Селекционная көчөлөрүнүн кесилишинде «Subaru autback» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ош облусунун Бий-Мырза айылынын Момбеков көчөсүндөгү №20 үйүнүн сарайынын 40 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий