• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы бир суткада 2 адам сууга чөгүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 28-июль күнү Нарын дарыясында 1958-жылкы А.Ж. аттуу жаран сууга чөгүп кеткен. Учурда 18 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошол эле 28-июль күнү Аламедин районунун Достук айылындагы көлмөдө эркек киши сууга чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерине өткөрүп беришкен.

Андан сырткары, Токтогул суу сактагычында 1992-жылкы А.Б. аттуу жаран сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине 3 куткаруучу жана 3 милиция кызматкерлери тартылган, бирок издөө иштери ийгиликсиз жыйынтыкталган.

Саат 04:00дө А.Б. аттуу жаран үйгө аман-эсен келгени тууралуу маалымат түшкөн. Учурда милиция кызматкерлери маалыматты текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий