• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы күндөрү 7 адам сууга чөгүп кеткен – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы күндөрү 7 адам чууга чөгүп кеткендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Ак-Ордо-3 конушунда жайгашкан көлмөгө 1977-жылкы А.Т. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Токмок шаарындагы көлмөгө 30-35 жаштагы азият улутундагы эркек киши (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткен. Саат 21:19да маркумдун жансыз денеси табылган.

Андан сырткары, Чычкан суусунда 1997-жылкы А.И. аттуу эркек адамдын сөөгү табылган. Ошондой эле каза болгон А.И., аттуу адамдын жанында 2 эркек адам (1997-жылкы Ө.Б. жана 1997-жылкы Т. уулу М.) бар болгондугу айтылат.

6-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында Чычкан суусунан 1997-жылкы Т. уулу М. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Ө.Б., аттуу экинчи жаран изделүүдө.

19-июль күнү саат 20:30 чамасында Чаткал дарыясына 1998-жылкы Н. уулу Б. аттуу эркек адам сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМга түшкөн. Учурда издөө иштери уланууда.

Ошондой эле, 17-июль күнү Көкөмерен дарыясына 1964-жылкы. А.Т. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Издөө иштерине 25 куткаруучу тартылган. Учурда издөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий