• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы коңгуроо 25-майда өтөт

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда өтөт. Тиешелүү буйрукка КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Буйрук мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө, бүтүрүү кечелерин көңүл ачуу жайларында, кафе, ресторан жана жаратылышта өткөрүүгө акча каражаттарын чогултууга тыюу салат.

Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жооптуу кызматкерлердин күнү-түнү кезегин дайындоо, окуучулардын ден соолугун коргоо, коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн административдик жоопкерчиликти күчөтүү тапшырылды.

Мектеп администрациялары, класс жетекчилер жана ата-энелер комитеттеринин төрагалары мектептердеги акыркы коңгуроо иш-чараларын өткөрүүгө жооптуу болуп саналышат.

Салтанаттуу иш-чаралар мамлекеттик символика жана КР мамлекеттик гимнин аткаруу менен коштолуусу керек.

Пикир

Оставить комментарий