• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтө турган болду

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куттуктоо программаларын облустагы билим берүү борборлору даярдашы керек.

“Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына 15 мүнөттүк эфир болушу керек. ЭлТР, Илим-Билим телеканалдарында 25-май күнү саат 10:00дөн 12:30га чейин эфирдик убакыт бөлүндү”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий