• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 13 миңге жакын адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 924 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 325 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 599 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 22 миң 280 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 798 миң 492 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий