• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 1,5 миңге жакын адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы1 миң 495 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 876 адам вакцинанын биринчи дозасын, 619 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 906 миң 552 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 687 миң 135 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий