• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 38 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 38 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 479 адам вакцинанын биринчи дозасын, 559 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 38 миң 427 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 817 миң 530 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий