• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 745 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 745 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 15 адам вакцинанын биринчи дозасын, 730 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 803 миң 862 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 598 миң 406 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий