• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 8-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 28 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 148 бейтап, амбулатордук түрдө 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 658 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 713 киши айыгып чыкса, 2 миң 968 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий