• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 817 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 817 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 264 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 553 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 951 миң 43 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 721 миң 310 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий