• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 103 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда - 10, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 49 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында үч бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 542 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 109 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 815 киши айыгып чыкса, 2 миң 641 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий