• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 11 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 13-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 131 бейтап, амбулатордук түрдө 198 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 731 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 850 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий