• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 11 адамдан коронавирус табылып,13 бейтап сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 1-апрелге карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 13 адам илдеттен сакайып чыгып, бир киши каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 86 бейтап, амбулатордук түрдө 59 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 226 киши айыгып чыкса, 2 миң 989 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий