• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 11 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 18-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 31 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 112 бейтап, амбулатордук түрдө 97 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 787 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 16 киши айыгып чыкса, 2 миң 977 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий