• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 322 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 322 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 207 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 115 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 43 миң 888 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 823 миң 787 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий