• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 446 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 446 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 613 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 833 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 55 миң 832 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 836 миң 649 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий